Алтынбек Жумаев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды
Алтынбек Жумаев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жумаев Алтынбек Токтомуратович КР Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды№, - деп айтылат маалыматта.
