Баткенде туризмди өнүктүрүү маселелери талкууланды
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
10 август

Баткенде туризмди өнүктүрүү маселелери талкууланды

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушту. 

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, тараптар  туризм тармагындагы негизги маселелерди жана аны өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Андан соң Баткен облусунун администрациясында жергиликтүү ишкерлердин катышуусунда жыйын өттү. Жыйынга Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев да катышты.

Жолугушууда туризмди өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу, туристтик инфраструктураны өркүндөтүү жана жергиликтүү ишкерлердин сунуш-пикирлери талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө ишкерлер менен пикир алмашуу болуп, туризм тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу боюнча сунуштар айтылды.