Ош облустар аралык балдар ооруканасына заманбап меджабдыктар тапшырылды
1 июль

Ош облустар аралык балдар ооруканасына заманбап меджабдыктар тапшырылды

Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында бүгүн жаңы заманбап медициналык жабдыктар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев катышты.

Медициналык жабдыктар облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 3,4 миллион сомго сатылып алынган. Аталган жардамдын алкагында оорукананын жандандыруу (реанимация) бөлүмүнө жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ) жана эки даана кувез (инкубатор) тапшырылды.