Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ардагерлери жолукту
28 август

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ардагерлери жолукту

Бишкекте 27-августта КР УКМК төрагасынын орун басары А. Разаевдин катышуусунда «Ардагерлердин бир туугандык салттуу байланышын бекемдөө – тарыхтан келечекке» аталышындагы тегерек столдун алкагында, биринчи жолу КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ардагерлеринин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. 

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын атайын кызматтарынын ардагерлери катышты.

Тегерек столдун максаты – КМШ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ардагерлер уюмдарынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо. Тарыхый байланыштарды бекемдөөдө өз ара аракеттенүүнүн өнүгүү келечегин карап чыгуу.

Жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлер социалдык колдоонун, өз ара аракеттенүүнү жана өз ара жардамдашууну чыңдоонун, ошондой эле маданий-патриоттук демилгелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жаштарды патриоттуулуктун жана милдетке берилгендиктин багытында тарбиялоого өзгөчө көңүл бурулду.