Ошто Курманжан датка көчөсү пайдаланууга берилди
28 август

Ошто Курманжан датка көчөсү пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы негизги көчөлөрдүн бири болгон Курманжан датка көчөсү (Навои көчөсүнөн автобекетке чейинки бөлүгү) 27-августта пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Саамалыкка мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана бул аймактагы жашоочулар катышты.

Жасалган жолдун узундугу 7,5 чакырым, кеңдиги 22 метр.