КР ӨКМге 28 атайын техника жана шаймандар тапшырылды
Бишкекте бүгүн, 1-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 28 атайын техника жана шаймандар тапшырылды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Тапшырылган техникалардын ичинде:
- КАМАЗ үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү унаа – 11 бирдик;
- КАМАЗ (борттуу) – 4 бирдик;
- VID жеңил унаасы – 3 бирдик;
- Кобальт Шеврале – 6 бирдик;
- Шеврале трекер – 1 бирдик;
- Крузак – 1 бирдик;
- Погрузчик – 2 бирдик.
Ошону менен катар 500 даана өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн кийими жана башка өрт өчүрүүчү шаймандар тапшырылды.
Белгилей кетсек, 2021-жылдан 2025-жылга чейинки 4 жылдын ичинде ӨКМдин техникалык базасы бир топ жаңыланды. Жалпысынан министрликтин базасын 800гө жакын атайы техникалар түзсө, алардын жаңы келгени 572ни, калгандары оңдоп-түзөп күжүрмөн даярдыкка келтирилген техникалар түзөт. Булардын ичине авариялык куткаруу унаалары, өрт өчүрүү унаалары, жүк ташуучу, жүргүнчү ташуучу, адистештирилген унаалар, катер учак (самолет) жана тик учактар (тик учактар) кирет.
