Оор кылмыш үчүн эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык Москвадан кармалды
Россия Федерациясынын Москва шаарында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ички иштер министрликтеринин кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, изделип жаткан Кыргызстандын жараны 2004-жылы туулган Б.Ж. аттуу жаран кармалган. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 2023-жылы Ош шаарынын аймагынан 1990-жылы туулган А.М. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмыш ишин жасоого шектелген жарандын өздүгү такталып, ал 2004-жылы туулган Б.Ж. болуп чыккан. Ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (Адам өлтүрүү) каралган кылмыш иши боюнча эл аралык издөө жарыяланган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалган Б.Ж. аттуу жаран Ош шаарынын Касымбекова көчөсүндө келе жаткан маркумдун автоунаасын токтоткон. Андан соң, айдоочуну жалдап, алар Ош шаарынын ичи менен Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына жеткенде, экөөнүн ортосунда чыр-чатак чыгып, ал таксистке бир нече жолу бычак сайып, денесине залал келтирилген. Натыйжада, таксист өзүн куткаруу масатында ошол тарапта жашаган жергиликтүү тургундун үйүнө чейин качып барып, аталган үйдүн кире беришинде каза болгон.
Ал эми, маркумдун “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасын кылмышка шектүү Ош шаарынын Салиева көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанына таштап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Андан соң, кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Кыргызстандын аймагынан чет мамлекетке чыгып кеткени белгилүү болгон.
Учурда кармалган шектүү жаран Россия Федерациясынын Жаза аткаруу федералдык кызматынын мекемесине киргизилди.
