Чүй облусунун райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жаңы жетекчилер дайындалды
Чүй облусунун ИИББнин басма сөз кызматы
10 август

Чүй облусунун райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жаңы жетекчилер дайындалды

КР ИИМдин буйругу менен Чүй облусунун айрым райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жаңы жетекчилер дайындалды. 

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматына милициянын полковниги Эмил Кемелов дайындалды.

Ал эми Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына милициянын майору Шайлообек Мийзамидинов дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчилерге кызматтык милдеттерин так аткаруу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жарандардын укуктарын коргоо багытындагы иштерди мындан ары да жигердүү жүргүзүү милдеттери коюлду.

Жаңы жетекчилерди Чүй облусунун ИИББнин башчысы, милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов өздүк курамга тааныштырды. Ал жетекчилерге кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткаруу, эл менен милициянын ортосундагы ишенимди жана байланышты бекемдөө, ошондой эле заманбап талаптарга ылайык иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.