Бишкектин айрым жерлеринде 3-июлда суу болбойт
1 июль

Бишкектин айрым жерлеринде 3-июлда суу болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 3-июлда саат 10:00дөн 18:00гө чейин суу болбойт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

  • Алыкулов көчөсү - Л.Толстой көчөсү - П.Лумумбы көчөсү - Мурман көчөсү.

Чайковский көчөсүндөгү диаметри 400 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу таза суу убактылуу токтотулат.

“Бишкексууканал” МИси  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.