Ошто ынтымак жумалыгы башталды
Ош мэриясы
26 сентябрь

Ошто ынтымак жумалыгы башталды

Ош шаарында эл аралык тынчтык күнүнө карата 25-сентябрда “Ынтымак жумалыгынын” ачылыш аземи өттү, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын, жарандык коомдордун өкүлдөрү, активдүү жаштар катышышты.

Жумалыктын алкагында Фергана өрөөнүндөгү социалдык ынтымак жана тилектештик, жарандык демилгелер, аялдардын тынчтык орнотуудагы ролу, инклюзивдүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу, санариптик мейкиндиктеги коопсуздук жана гендердик зомбулуктун алдын алуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу сыяктуу актуалдуу темалар боюнча талкуулар жана тематикалык сессиялар өткөрүлөт.

Иш-чаранын негизги максаты — коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө, жарандык демилгелерди колдоо, жергиликтүү деңгээлдеги кызматташтыкты өнүктүрүү жана тынчтыкты куруу жаатындагы өнөктөштүктү чыңдоо болуп саналат.