«Манас» аэропортунун IATA-коду 9-августтан тарта өзгөрөт
«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому 2025-жылдын 9-августунан тартып расмий түрдө «Манас» эл аралык аэропортунун IATA-кодун өзгөртөөрүн билдирди. Азыркы FRU ордуна BSZ колдонулат.
Өзгөртүү IATA 763 резолюциясына ылайык жүзөгө ашырылат жана 2025-жылдын 9-майында жөнөтүлгөн кабарлоодон тарта 90 күндүк мөөнөт аяктагандан кийин күчүнө кирет.
Жаңы кодго өтүүгө байланыштуу компания бардык системалардын туруктуу иштешин жана каттамдарды туура тейлөөнү камсыз кылуу үчүн техникалык жана уюштуруу иш-чараларынын комплексин ишке ашырууда.
