АКШнын атайын өкүлү Серджио Гор Бишкекке келип, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушту
Сүрөт ачык булактардан алынды
2 сентябрь

АКШнын атайын өкүлү Серджио Гор Бишкекке келип, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушту

АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Серджио Гор VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушууларды өткөрүү үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Сапардын алкагында Серджио Гор Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушту.

Элчиликтен белгилешкендей, америкалык тарап Кыргызстан менен өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого берилгендигин ырастады. Анын ичинде Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болор алдында кызматташтыкты бекемдөө маселесине көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Серджио Гор Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларда эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты, анын ичинде С5+1 форматынын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Негизги көңүл коммерциялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, энергетикалык коопсуздукту чыңдоого, аймактык өз ара байланыштарды жакшыртууга жана коопсуздук маселелерине бурулду.