МБК төрагасы Алмаз Салиев «Торугарт» өткөрүү пунктун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты
2025-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Торугарт» өткөрүү пунктундагы инфраструктуранын объектилеринин курулушу жана реконструкцияланышынын жүрүшү менен таанышты.
Иш-чарага аткарылган иштерге жооптуу болгон долбоордук уюмдардын жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү да катышты.
Иш сапардын жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы «Торугарт» өткөрүү пунктун модернизациялоо – бажы кызматын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи жана жүк агымдары өсүп жаткан шартта иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганын айтты.
Объектилерди карап чыккандан кийин Алмаз Салиев иштерди суук түшкөнгө чейин аяктоо зарылдыгын эске алуу менен реконструкциялоону аяктоонун мөөнөтүн белгиледи жана инспекциялык-тыкыр кароо комплексин (ИТК) орнотууну тездетүүнү, чек арадан жүктөрдүн өтүшүн оптималдаштыруу максатында автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезекке туруу зоналарын уюштурууну, ошондой эле жүк ташуучуларга ири көлөмдүү жана салмагы оор жүктөрдү түшүрүү үчүн шарттарды түзүүнү тапшырды. Ошол эле учурда жүктөм өсүп жаткан шартта өткөрүү пунктунун ишинде катуу тартипти камсыздоону талап кылды.
Аталган иш-чараларды ишке ашыруу өткөрмө пунктунун ишин натыйжалуу жүргүзүүгө, жарандар жана ишкерлер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, Кытай Эл Республикасы менен экономикалык кызматташтыкты чыңдоо үчүн бажы инфраструктурасын андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
