Айыл чарба министрлиги
24 март
Рустам Балтабаев суу ресурстары министринин орун басары болуп дайындалды
Рустам Балтабаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Рустам Балтабаев агроөнөр жай комплексинде тажрыйбалуу жетекчи катары белгилүү.
Ал буга чейин Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору болуп эмгектенип, тармакты өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырган.
Жаңы кызматында ал кайра иштетүү, органика жана экспорт багыттарында иш алып барат.
