Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 13нөн 19-январга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 23 миң 276 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа каражаттарын башкаруу – 761;
- мас абалында рулга отуруу – 320;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 137;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 147;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 186;
- автоээнбаштык – 12;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 288;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 11;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 965;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 449 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
