Кыргызстанда акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталды
11 апрель

Кыргызстанда акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 күжүрмөн эсеп тартылган.

ӨКМден кабарлашкандай, анын ичинде:

  • Бишкек шаарында – 1;
  • Ош облусунда – 2;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Талас облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 4;
  • Нарын облусунда – 1.

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду.