Эки жаранды 1,3 млн сомго алдап кеткен баткендик тургун Бишкектен кармалды 
Баткен ОИИБ
16 апрель

Эки жаранды 1,3 млн сомго алдап кеткен баткендик тургун Бишкектен кармалды 

Мындан бир жыл мурда эки жаранды алдап кеткен шектүү Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын май айында “А” аттуу жаран Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 35 жаштагы тургунунун ишенимине кирип, мал алып-сатуу шылтоосу менен 95 000 (токсон беш миң) сом акчасын бербей койгондугу тууралуу арыз менен милицияга кайрылган.

Ошондой эле Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын 32 жаштагы тургуну 2025-жылдын сентябрь айында “А” аттуу жаран мал алып-сатуу учурунда 1 260 000 (бир миллион эки жүз алтымыш миң) сом акчасын бербей, алдап из жашырып жүргөндүгүн билдирип арыз менен кайрылган.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү издөө жарыяланган.

Баткен РИИБдин ыкчам кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаралардын натыйжасында издөөдө жүргөн Баткен шаарынын 35 жаштагы С.А. Бишкек шаарынын аймагында кармалып келип, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.