Жогорку Кеңештин комитети «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду
Бүгүн, 27-майдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Фархат Иминов тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты - Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук жана чет элдик инвесторлор тарабынан тике инвестицияларды ишке ашыруу учурунда келип чыгуучу укуктук мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат.
Мыйзам долбоору мамлекеттин инвестициялык саясатынын принциптерин белгилейт, инвесторлордун укуктарын камсыз кылуунун кепилдиктерин, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын жана инвестициялык иштин катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн коргоо механизмдерин аныктайт.
