Чүйдө мас жаран жолго чуркап чыгып, айдоочуларга кооптуу кырдаал жараткан
Чүйдө мас жаран жолго чуркап чыгып, айдоочуларга кооптуу кырдаал жараткан. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Окуя 2026-жылдын 9-августунда Москва районунун Петровка айылындагы Центральная көчөсүндө жайгашкан «РИМ» тойканасынын жанында болгон.
Маалымат боюнча, окуя болгон жерге Москва районунун ички иштер органдарынын кызматкерлери барып, тиешелүү териштирүү иштерин жүргүзүшкөн.
Маалымат берген жаран — 2002-жылы туулган С.А. аттуу жаран балдары менен Бишкек шаарына бара жаткан учурда Петровка айылындагы «РИМ» тойканасынын жанынан 35–40 жаштар чамасындагы белгисиз эркек адам мас абалында жолго чуркап чыгып, кооптуу кырдаал жаратканын билдирген. Унаасын токтоткондон кийин ал белгисиз адам ар кандай сөгүнгөн сөздөр менен коркутканын айткан.
С.А. атту жаран телефон аркылуу билдирүү берип жатып, Ысык-Көл облусуна бара жаткандыгын жана окуя боюнча милицияга келе албай тургандыгын маалымдаган.
Учурда маалымат боюнча тиешелүү материалдар мыйзам талаптарына ылайык каралууда жана жыйынтыгы менен тийиштүү чечим кабыл алынат.
