«Доор өзгөрткөн аялдар». Алтыбаева: Аялдар тилектештиги бекем болсо, ийгиликтүү айымдар көп болот
7 март

«Доор өзгөрткөн аялдар». Алтыбаева: Аялдар тилектештиги бекем болсо, ийгиликтүү айымдар көп болот

Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, Жогорку Кеңештеги аялдар квотасын сактоо аракети көрүлүүдө. Экс-депутат Айнуру Алтыбаева аялдар квотасын сактоо өлкөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү экенин, анткени, эркек депутаттар анчалык көңүл бура бербеген маселелер аялдардын жүрөгү аркылуу өтөөрүн Биринчи радионун түз эфиринде белгиледи.

«Кыргызстан аялдар 100 жылдан бери мамлекеттин алдыга жылышында орчундуу роль ойноп келе жатышат. Эмне себептен Жогорку Кеңеште аялдар квотасы сакталышы керек? Биринчиден, аялдар өтө гумандуу жана социалдык блокко: саламаттыкты сактоого, билим берүүгө, маданиятка басым жасашат. Мисалы, 1925-жылы биринчи аялдар кыймылы түзүлгөндө, алар тарабынан көтөрүлгөн биринчи маселе – эрте никеге турууга тыюу салуу болгон. Алар кыздардын эрте турмуш курушу кесепеттүү болуп калаарын билишип, никеге туруу мөөнөтүн белгилешкен. Негизи эле, коом аял аркылуу аныкталат. Аял канчалык билимдүү, сабаттуу болсо, ал коомчулукка ошондой баланы тарбиялап кошот», – деди Алтыбаева.

Ал жаңы Кыргызстан тарыхында аялдардын орду өзгөчө болуп келатканын, кыргызстандык аялдар бардык тармактардан өзүн тапканын билдирди. 

«Кыргызстанда аялдар кыймылы абдан күчтүү. Мисалы, Жогорку Кеңештин бардык чакырылышында аял депутаттар болду. Андан башка шаардык, айылдык кеңештерде, аткаруу бийликте аялдар турат. Аялдардын арасынан абдан күчтүү юристтер, эксперттер ж.б. кесиптин ээлери чыкты. Кыргызстан – Конституцияда социалдык мамлекет деп жазылган. Ошондуктан, аялдар квотасын сактоо маанилүү. Аялдардын табияты башкача, мисалы, Жогорку Кеңеште аял депутаттардын демилгеси менен абдан көп социалдык маанидеги маселелер көтөрүлүп, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынган, учурда ийгиликтүү иштеп жатат. Чечим кабыл алынган жерде аялдардын үнү сөзсүз угулушу керек. Конституцияда аял менен эркектин мүмкүнчүлүгү бирдей болушу керек деп жазылган. Мамлекет аялдарды колдоп, чечим кабыл алуу аянтчаларына алып келиши кажет», – деди экс-депутат.

Ал ошондой эле, аялдар арасында аялдык тилектештик бекем болсо, ийгиликтүү аялдар мындан да көп болоорун кошумчалады.