Кыргызстанда эки күндө 175 мас айдоочу кармалды
Кыргызстанда эки күндө 175 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук тартипти камсыздоо максатында өлкө аймагында “Рулда” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү.
21-22-февраль күндөрү жол эрежелерин одоно бузган 7 миң 327 айдоочулар аныкталган.
Анын ичинен;
- мас абалында унаа башкарган 175 айдоочу;
- тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 253 айдоочу;
- ылдамдыкты ашырып айдаган 1 229 айдоочу;
- терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 54 айдоочу.
- жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн 1 073 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.
