Октябрь РИИБдин кызматкерлери алдамчылыкка шектүүнү кармашты
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге М.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамга карата мыйзамдуу чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 2026-жылдын 15-майында интернеттеги «Lalafo» аянтчасы аркылуу батирди ижарага берем деген шылтоо менен алдоо жолу аркылуу 50 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алган. Акча каражатын алгандан кийин шектүү байланышка чыкпай калган.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1982-жылы туулган К.К. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кармалган жаран ушул сыяктуу башка алдамчылык фактыларына да тиешеси бар экендиги аныкталууда.
Тергөө иштери улантылууда.
