Жалал-Абадда 52 турак жай сел кооптуулугунан корголот
Жалал-Абадда 52 турак жак сел коптуулугунан корголот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда 2025-жылы "Атайын алдын алуу жана кесепетеиин жоюу" иш мерчеминин негизинде 8 объектте жумуш жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө аталган райондун Айры-Там айыл өкмөтүнүн Совет-Сай айылындагы Харезим сел сайынын 1200 метр аралыктагы нугун механикалык жол менен тазалоо жана нугун түздөө иштери жүргүзүлүүдө.
ӨКМнин 1 оор техника бөлүнүп күйүүчү майлар менен камсыздалып, жумуш план графиктин негизинде жүрүүдө.
