ИИМ: Кылмыш ишин тергөөдө пара берүү фактысына бөгөт коюлду
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинде (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иши бар.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иштердин жүрүшүндө соттолгон 1985-жылы туулган А.Б. киши өлтүрүүдөн кийин, коррупциялык схемаларды колдонуу менен акыл-эси жайында эмес деп табылып, атайын психиатриялык мекемеге мажбурлап дарыланууга жиберилгени аныкталган. Ал жерде өзүн “положенец” деп жарыялап, “общак” үчүн каражат чогултууну уюштурган.
Тергөөнүн жүрүшүндө психиатриялык мекеменин башкы дарыгеринин орун басары 1964-жылы туулган Э.Б. өзү жана жетектеген мекемеси үчүн кесепеттерден чочулап, текшерүүлөрдү токтотуп, кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн ыкчам кызматкерлерге 500 000 сом пара берүүгө аракет кылган. Э.Б. акча каражаттарын накталай берүү учурунда ИИМдин КИББдин жана ИИКтин кызматкерлери тарабынан кармалган.
Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде (Пара берүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаранга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.
