Жыл башынан бери Ош облусунда 13 бала сууга чөккөн
Ош облусунда 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында балдардын сууга чөккөн 13 учуру катталган. Бул тууралуу 23-июлда облустун 2025-жылдын экинчи кварталы боюнча социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылган жыйында айтылды.
Президенттин облустагы өкүлү Элчибек Жантаев сууга чөккөн учурлардын көбөйүп бараткандыгына тынчсыздануусун билдирип, түшүндүрүү жана алдын алуу иштерди күчөтүүгө чакырды.
ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысы Эрланбек Мусаев билдиргендей, кырсыктардын негизги себептеринин бири ата-энелердин көңүл коштугу жана жоопкерчиликсиз мамилеси себеп болууда.
ӨКМдин маалыматына таянсак, сууга чөккөн 13 учурдун ичинен 9у өлүм менен аяктаган. Бирок Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурлан Бурханов каза болгондордун саны 13 бала экенин тактап өттү.
