Ош шаарында дагы 12 сквер ачылат
видеодон алынган кадр
2 сентябрь

Ош шаарында дагы 12 сквер ачылат

Ошто шаар күнүнө карата дагы 12 сквер ачылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Бүгүн курулуш иштерин калаа башчынын орун басары Эрнист Толтоев жеринен көрүп чыкты.

Буга чейин аталган жайлар кароосуз калган. Алар дээрлик эски көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында жайгашкан.

Эске сала кетсек шаар мэри Жанарбек Акаев 12 скверди жеринен көрүп, курулуш иштерине старт берген. Аталган сейил бактар 5-октябрь — Ош шаарынын күнүнө карата пайдаланууга берилет.

Жаңы скверлерде балдар аянтчалары, отургучтар, жарыктандыруу жана жашылдандыруу каралган. Максат — шаардын ар бир тургуну үчүн жайлуу, коопсуз жана жашыл эс алуу жайларын түзүү.