Бишкек шаарынын ИИББнын МККК полкунун кызматкерлери тарабынан “Селсаяк” аталышындагы иш-чара болуп өттү
13 июль

Бишкек шаарынын ИИББнын МККК полкунун кызматкерлери тарабынан “Селсаяк” аталышындагы иш-чара болуп өттү

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматтык полку тарабынан коомдук тартипти сактоо жана шаардагы үй-жайы жок адамдардын жүрүм-турумун көзөмөлгө алуу максатында “Селсаяк” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Аталган иш-чаранын алкагында, шаар аймагында жүргөн селсаяктар жана туруктуу жашаган жери жок 30 га жакын жарандар аныкталып, алардын өздүгүн тактоого аймактык РИИБдерге жеткирилди.

Иш-чаранын негизги максаты — коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана социалдык жактан жардамга муктаждарга жардам көрсөтүү болуп эсептелинет.

Иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз негизде улантылат.