Бишкек мэриясында кадрдык дайындоолор болду. Ысымдары
24 июль

Бишкек мэриясында кадрдык дайындоолор болду. Ысымдары

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. 

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Чолпонбаев Болот Чолпонбаевич, ошондой эле анын орун басарлары Апилов Болот Тойчиевич жана Турдуев Адилет Орозмаматович ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Эске салсак, буга чейин шаар башчысы Ленин жана Биринчи май райондорунун санитардык түйүндөрүн текшерип, анда аткарылган иштердин сапаты жана көлөмү, көзөмөлдүн начардыгы боюнча сын-пикирлер айтылган.

Жооптуу кызматтарга мыйзам бузууларды тез арада жоюу тапшырмасы берилди.