Сак болуңуз! Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел жүрөт
2 сентябрь

Сак болуңуз! Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел жүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 2-сентябрынан 5-сентябрына чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.

Ошол себептен жарандардан коопсуздук чараларын сактоону, дарыялардын, суулардын жээктерине жакын аймактарда болбоону жана тоолуу аймактарга чыкпоо эскертилет.

Кырсык катталган учурда 112 кыска номерине кайрылыңыздар.