Замирбек Сыдыков Кара-Кулжа районунун акими болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Кулубаев Дамир Садырбекович берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчысы кол койгон башка тескемеге ылайык Замирбек Сыдыков Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими болуп дайындалды
