Ак-Суу районунда 200дөн ашык  темир бетон мамылар орнотулат
7 март

Ак-Суу районунда 200дөн ашык темир бетон мамылар орнотулат

«КУЭТ» ААКтын филиалы-Ысык-Көл электр тармагы ишканасынын Ак-Суу РЭТи 2025-жылы 10,9 чакырым 0,4 кВ эскирген алюминий зымдарын жаңы заманбап СИП зымдарына алмаштырууну жана 16, 6 чакырым 10кВ аба чубалгысын курууну пландоодо. Бул иштердин алкагында райондо 200дөн ашык темир бетон мамылар орнотулат.

Кардарларды сапаттуу электр жарыгы менен камсыз кылуу максатында Кереге-Таш, Отрадное айылдарына 2 комплекттүү 10 кВ трансформатордук көмөкчордондор орнотулат.

Ак-Суу РЭТи тарабынан оңдоо программасынын алкагында 36 чакырым электр зымдары жана 35 трансформатор капиталдык оңдоодон, 338 чакырым аба чубалгылары жана 97 трансформатор утурумдук оңдоодон өткөрүлөт.

Ошондой эле Ак-Суу районунда керектөөчүлөрдү электр жарыгы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, дебитордук карыздарды азайтуу, ошондой эле электр энергиясы үчүн төлөмдөрдүн ачык-айкындуулук принциптерин киргизүү максатында 10600 кардарга акылдуу эсептегичтер орнотулат. Учурда 950даанасы орнотулуп бутту. Жалпы Ак-Суу РЭТ боюнча 11982 кардар бар. Анын ичинен 2299 кардар акылдуу эсептегич колдонулат.

Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн узундугу 238 чакырым аба чубалгыларынын боюндагы бутактарды кыюу пландаштырылууда.