Ош облусунда электр энергиясын колдонуу 15%га өстү
24 июль

Ош облусунда электр энергиясын колдонуу 15%га өстү

Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош облусуна эки күндүк иш сапары менен барып, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы “Кулатов” участкасынын ачылыш аземине катышты. Аталган участка Энергетика министрлигинин демилгеси менен “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан курулуп, жалпы сметалык баасы 7 130,0 миң сомду түздү. Бул объект авариялык өчүрүүлөрдү ыкчам калыбына келтирүүгө шарт түзөт.

Иш сапардын жүрүшүндө министр Ноокат районундагы “Абшыр-Кулатов” 35 кВ электр берүү аба чубалгысынын жана 35-10 кВ “Кулатов” көмөк чордонунун курулушуна мезгил кутучасын салды. Аталган көмөк чордонду куруу маселеси ll Элдик курултайда көтөрүлгөн.

Энергетика министрлиги элдин талабын ишке ашыруу максатында, аталган көмөк чордондун курулуш иштерин баштады. Бул объект ишке киргенден кийин, Кулатов айыл өкмөтүнүн карамагындагы Кожо-Арык, Баглан, Абшыр айылдарына кошумча 10 кВ аба чубалгысы курулуп, туруктуу электр энергиясы менен камсыз болушат. Көмөк чордонду куруунун сметалык баасы 20 млн сом, ал эми 35 кВ аба чубалгысына 10 млн сом каралган. Курулуш иштери толугу менен “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан каржыланат.

Мындан тышкары министр Т.Ибраев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев менен биргеликте Ош шаарында электр энергиясынын керектөөсү былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 15 пайызга көбөйгөндүгүнө байланыштуу, 220/110/10 кВ “Узловая” көмөк чордонунун кубаттуулугун жогорулатуу максатында, 200 МВА кубаттуулуктагы автотрансформатордун ордуна, 250 МВА автотрансформатор орнотулуп, аны ишке киргизүү иш-чарасына катышты. Бул көмөк чордондун кубаттуулугун көтөрүүнүн максаты - түштүк аймагында керектөөчүлөргө сапаттуу электр энергияны берүү үчүн жасалган иш болуп саналат.

Андан соң быйыл КРнын Министрлер Кабинети тарабынан ишке киргизилүүчү 100 объектинин катарын толуктаган Ош шаарындагы “Темир-бетон тирөөчтөрүн жасоо цехинин” курулушу менен таанышты. Учурда цехти ишке киргизүүгө 95 пайызга даяр. Расмий ачылыш аземи 31-августта өткөрүлөт.