Өзгөндө жаңы айылдык милиция бөлүмчөсү ишке берилди
Өзгөн районунда 1-октябрда жаңы Мырза-Аке айылдык милиция бөлүмчөсү ишке берилди. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Ачылуу аземге Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Курсанбек Камчиев, райадминистрация башчысы-аким Каныбек Апбасов, РИИБдин башчысы Асан Токтомамбетов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Ардагерлер катышты.
Жаңы имарат заманбап шартта салынып, акыркы үлгүдөгү техникалар менен жабдылган.
