Бишкекте Садыр Жапаров менен Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи болуп өттү
Бүгүн, 2-сентябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чара Президенттик Администрациянын “Ынтымак Ордо” имаратынын алдында өтүп, анда Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол ротасы тизилип, кызыл килемдер төшөлгөн.
Жогорку даражалуу мейманды Президент Садыр Жапаров тосуп алды. Ардак кароол ротасынын командири рапорт бергенден кийин, аскердик оркестрдин аткаруусунда Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик гимндери жаңырды.
Ардактуу кароол ротасын жана этножоокерлерди кыдыруу учурунда Шахбаз Шариф аскер менен “Салам, аскер!” деп саламдашты. Андан соң Президент Садыр Жапаров менен Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты.
Азем Ардак кароол ротасынын салтанаттуу маршы менен аяктады.
Андан соң Садыр Жапаров менен Шахбаз Шариф “Ынтымак Ордо” имаратында биргелешип сүрөткө түшүү аземине катышты.
Мындан кийин Президент Садыр Жапаров менен Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн залга өтүштү.
