Ош кыш мезгилине толугу менен даяр
1 октябрь

Ош кыш мезгилине толугу менен даяр

Ош шаарынын мэриясында 1-октябрда мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев жетектеген кыш мезгилинде жылуулук берүүгө даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү ишканалар 2025-2026-жылдардын жылуулук мезгилине даярдоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат беришти.

“Ош шаарынын жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасы ушул күнгө карата үч даана буу казанын толук оңдоодон өткөрүп, 21 миң тоннадан ашык мазут ташылып келинди.

Муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасына караган 111 откананын 103ү учурда жылытуу мезгилине толук даяр. Калган 8 откананы даярдоо иштери да аяктоо алдында турат. Аталган ишкананы 14500 тонна көмүр менен камсыздоо пландаштырып, 1-октябрга карата 5000 тонна көмүр даярдалып бүттү.

Ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери да кышка толугу менен даяр.