Исхак Раззаковдун кызы Баткенге келди
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
6 июль

Исхак Раззаковдун кызы Баткенге келди

Бүгүн 6-июлда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззакова жана анын небереси Берк Раззаков Баткен облусуна келди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлуктөн кабарлашты.

Аларды Раззаков шаарындагы Исхак Раззаков атындагы аэропорттон облус башчысы Мамыржан Рахимов баш болгон жергиликтүү жетекчилер тосуп алды.

Элмира Раззакова жана жетекчилер алгач, И.Раззаков туулуп өскөн Коросон айылына жана анын күмбөзүнө барып куран окуп бата кылышат.

Бул күндөрү Элмира Раззакова Раззаков шаарындагы Исхак Раззаковдун музейлер комплекси менен таанышуусу да пландалган.

Ошондой эле Лейлек районунун,Сүлүктү шаарынын, Кулунду айылынын эли, мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер менен жолугушаары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Элмира Раззакованын Баткен облусуна болгон сапарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исманали Жороев колдоого алып, коштоп келген.