Кыргызстан менен Беларустун парламенттер аралык кызматташтыкты талкуулады
Үстүбүздөгү жылдын 6-мартында Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы элчиси Эрбол Султанбаев менен Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенконун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Парламенттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү максатында тараптар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Беларусь Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын достук топторунун жана адистештирилген комитеттеринин биргелешкен жыйындарын өткөрүү, ошондой эле көп тараптуу парламенттер аралык түзүмдөрдүн алкагында биргелешкен иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карашты.
