Ысык-Көл районунда балдар «оюн иретинде» көрүстөндөгү эстеликтерди талкалашкан
2025-жылдын 4-август күнү социалдык тармактарда Ысык-Көл районунда жайгашкан славян мүрзөсүндөгү эстеликтердин бузулушу боюнча видео тараган. Бул факты дароо Ысык-Көл РИИИБдин МЭЖне катталып, ыкчам иликтөө иштери башталган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө бул окуя Бактуу-Долоноту айылынын түндүк тарабындагы мүрзө аймагында орун алганы аныкталган. Окуя болгон жерден бир нече кайчылаш темир жана жыгач эстеликтер (кресттер) сынып, жулунган абалда табылган. Ошондой эле, маркумдардын аттары жазылган темир табличкалар кыйшыйып, кээ бир бөлүктөрү жулунуп калганы белгилүү болгон.
Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде 2014-жылы туулган Т.А., Т.У., С.А. жана 2015-жылы туулган А.Э. аттуу төрт жашы жете элек бала бул аракетке тиешеси бар экендиги аныкталган. Алар ата-энелеринин коштоосунда РИИБге жеткирилип, түшүндүрмө беришкен. Өспүрүмдөр ата-энелеринин катышуусундагы сурак учурунда, бул аракеттерди оюн-зоок иретинде жасап жиберишкенин билдиришкен.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, бул факты өспүрүмдөрдүн жоопкерсиз жана түшүнүксүз оюну катары бааланууда. Иликтөөнүн жүрүшүндө улуттар аралык кастыкты козутуу же диний жек көрүүчүлүккө байланыштуу кандайдыр бир белгилер аныкталган жок.
Учурда териштирүү иштери улантылууда. Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий булактарга гана ишенүүгө чакырат.
