Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айсулуунун окуясы. Жогорку сот үн катты
Коомчулукта Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүүгө шектелип кармалган адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси кеңири талкууланып жаткандыгына байланыштуу КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү маалымдайт:
2006-жылдын 8-ноябрындагы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өкүмү менен А.К.К. КР Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясы) 167-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасаган деп табылып, мамлекет пайдасына 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө айып пул төлөө жаза чарасы дайындалган.
2016-жылдын 11-февралындагы ошол эле соттун өкүмү менен А.К.К. КР Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясы) 28-97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8 жана 11-пункттарында көрсөтүлгөн кылмышты жасаган деп табылып, күчөтүлгөн тартиптеги абакта 12 (он эки) жылга эркинен ажыратуу жазасы дайындалган.
2016-жылдын 12-майындагы Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Октябрь райондук сотунун 2016-жылдын 11-февралындагы өкүмү өзгөртүлгөн. А.К.К. төмөнкү кылмыштарды жасаган деп табылган:
• Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 168-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча – мүлкүн конфискациялоо менен 6 (алты) жылга эркинен ажыратуу;
• Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 123-беренесинин 1-бөлүгү боюнча – 3 (үч) жылга эркинен ажыратуу.
Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 59-беренесине ылайык, кылмыштардын жыйындысы боюнча А.К.К.га акыркы жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен 7 (жети) жылга эркинен ажыратуу дайындалган. Калган бөлүгүндө өкүм өзгөртүүсүз калган.
А.К.К. сот тарабынан дайындалган жазасын өтөгөн.
