Ошто ымыркайдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Окуянын чоо-жайы
28 ноябрь

Ошто ымыркайдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Окуянын чоо-жайы

Ош шаарында эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык 27-ноябрда болжол менен саат 12:40та Касымалиев көчөсүндө катталган.

2009-жылы туулган А.М., аттуу БМВ Е39 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу унаасын башкара албай калып, карама-каршы багытта бара жаткан жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн. Андан соң жолдун жээгинде токтоп турган Камаз унаасынын  алдыңкы бөлүгүн сүзүп токтогон.

Жөө жүргүнчүлөр 1977-жылы туулган Дж-ва С., келини 2005-жылы туулган Дж-а М., жана анын 2024-жылы жарык дүйнөгө келген небереси болгон.

Кырсыктын натыйжасында 1977-жылы туулган Дж-ва С., жеринде каза болгон. Наристе Ош шаардык ооруканасына жетип каза болгон.

Ал эми келини жана Камаздын айдоочусу шаардык ооруканага жеткирилген.

Аталган факты Ош шаардык милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө топ барган.

Маалым болгондой, айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жок болгон, ал агасынын унаасын үйдөн айдап чыккан. Ал окуяга шектүү катары кармалып, камакка алынды. 

Тергөө иштери уланууда.