Акылбек Жапаров кызматынан кетти
Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси кызматынан кетти.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал бүгүн, 16-декабрда президенттик аппараттын кызматкерлери менен коштошкон.
Акылбек Жапаров 2021-жылдын октябрынан тарта КР министрлер кабинетин жетектеп келген.
