Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү унаа жол курулууда 
видеодон алынган кадр
21 октябрь

Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү унаа жол курулууда 

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу тынымсыз уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жалпы узундугу 9 километрди түзгөн автожолго эки катмар асфальт төшөө пландалган. Учурда жолдун биринчи катмарынын 6 километрине асфальт төшөө иштери аткарылды.

Курулуш иштерине 8 атайын техника жана 20га жакын кызматкер тартылып, жумуштар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин бул аймак эгин талаасы болгон. Учурда ошол талаа аркылуу жаңы автожол салынып, заманбап транспорттук инфраструктура түзүлүүдө.

Кербен шаарын айланып өтүүчү жол ишке берилгенден кийин Ала-Бука жана Чаткал райондоруна каттаган оор жүк ташуучу унаалар шаар ичине кирбей, түз өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул шаар ичиндеги транспорттук жүктөмдү азайтып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана жарандардын эркин жүрүүсүнө шарт түзөт.

Мындан тышкары, айланма жол жүк ташуу убактысын кыскартууга, логистикалык чыгымдарды азайтууга жана аймактар аралык транспорттук байланышты жакшыртууга өбөлгө болот.