Кыргызстанда жеңил унаалардын кузовдорун ташып келүүгө тыюу салуу дагы алты айга узартылышы мүмкүн
Кыргызстанда жеңил унаалардын кузовдорун өлкөгө ташып келүүгө киргизилген убактылуу тыюу салууну дагы алты айга узартуу сунушталууда. Бул тууралуу тиешелүү токтом долбоорунда айтылат.
Долбоор мыйзамсыз автоунаа чогултууга жана «конструктор» деп аталган унааларды мыйзамдаштырууга бөгөт коюу максатында даярдалган.
Негиздеме-маалымкатта сөз M1 категориясындагы транспорт каражаттарынын кузовдору жөнүндө болуп жатканы белгиленген.
Учурдагы тыюу 2025-жылдын октябрь айында алты айлык мөөнөткө киргизилген. Эми аны дагы жарым жылга узартуу сунушталууда.
Документте айрым автоунаалар Кыргызстанда сырттан алып келинген кузовдордон, агрегаттардан жана башка тетиктерден бажылык тариздөөдөн өткөрүлбөстөн чогултулары белгиленген.
Долбоорду иштеп чыгуучулардын маалыматына ылайык, кузов алмаштырылган учурда ыйгарым укуктуу органдарга анын келип чыгышы тууралуу жасалма документтер берилиши же тиешелүү тастыктоочу документтер такыр жок болушу мүмкүн. Натыйжада мындай автоунаалар зарыл болгон бажы алымдарын, салыктарды жана жыйымдарды төлөбөстөн мыйзамдаштырылышы ыктымал.
Министрлер кабинетинде тыюу салууну узартуу автоунаалардын көмүскө жүгүртүлүшүн кыскартууга, бажы төлөмдөрүнөн качууга бөгөт коюуга жана транспорт каражаттарын пайдалануудагы коопсуздукту жогорулатууга мүмкүндүк берери белгиленген.
Ошол эле учурда чектөө Кыргызстанда автоунааларды өндүрүү жана чогултуу үчүн арналган кузовдорго жайылтылбайт.
Документте учурда өлкөдө бир катар ишканалар автоунааларды чогултуу менен алектенип жатканы, ал эми жаңы өндүрүш жайларынын айрымдары курулуш баскычында экени айтылат.
