Кыргызстанда мейманканалардын жана ресторандардын кызматтары 23,4%га кымбаттады
Кыргызстанда 2026-жылдын январь–сентябрь айларында мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасы 23,4%га өстү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Бул акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн ичиндеги баалардын өсүшүнүн эң жогорку көрсөткүчтөрүнүн бири болду.
Министрликтин маалыматына ылайык, баалардын жогорулашына азык-түлүк, айрыкча эт жана сүт азыктарынын кымбатташы, коммуналдык тарифтердин өсүшү, ошондой эле мейманкана жана коомдук тамактануу кызматтарына суроо-талаптын көбөйүшү себеп болгон.
Сентябрь айында Кыргызстанда өткөн ири эл аралык иш-чараларга катышуу үчүн келген чет элдик коноктор жана туристтер да бул кызматтарга болгон суроо-талапты арттырган.
Жалпысынан өлкөдө акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 11,8%га өскөн. Анын ичинде транспорттук кызматтар 13,5%га, медициналык кызматтар 9,2%га, эс алуу жана маданият тармагындагы кызматтар 6,1%га кымбаттаган.
Ал эми билим берүү кызматтарынын баасы 1,8%га жогорулаган. Министрлик бул көрсөткүчтүн салыштырмалуу төмөн болушун 2026/2027-окуу жылында жогорку окуу жайларында жана колледждерде окуу акысынын жогорулашына мораторий киргизилгени менен түшүндүрдү.
