Гапар Айтиев атындагы музейде «Графика» көргөзмөсү ачылат
2026-жылдын 22-октябрында саат 15:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде «Графика» көргөзмөсүнүн ачылышы өтөт.
Экспозицияда белгилүү чеберлердин жана жаш муундун өкүлдөрүнүн эмгектери тартууланат. Көргөзмөгө сүрөтчүлөр, дизайнерлер, архитекторлор, фотосүрөтчүлөр, скульпторлор жана керамисттер катышат.
Көрүүчүлөргө графикалык искусствонун салттуу жана заманбап багыттарындагы эмгектер, анын ичинде санариптик искусство, Street Art жана фотосүрөт искусствосунун үлгүлөрү сунушталат. Ошондой эле жаңы көркөм ыкмаларды жана авторлордун чыгармачыл изденүүлөрүн чагылдырган эксперименталдык композициялар коюлат.
Көргөзмө заманбап искусствонун көп кырдуулугун көрсөтүп, көрүүчүлөрдү графиканын жаңы формалары жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырат.
Өтүү мөөнөтү: 2026-жылдын 22-октябрынан 6-ноябрына чейин.
