Кыргызстан менен Корея абанын сапатын жакшыртуу багытында тажрыйба алмашууда
Жаратылыш ресурстары министрлиги
21 октябрь

Кыргызстан менен Корея абанын сапатын жакшыртуу багытында тажрыйба алмашууда

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында эки күндүк окуу жана тажрыйба алмашуу семинарын өткөрдү.

Семинардын негизги максаты — Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда абанын сапатын башкаруу жаатындагы тажрыйба алмашууну өнүктүрүү, адистердин кесиптик потенциалын жогорулатуу жана абанын сапатын жакшыртууга багытталган натыйжалуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга көмөктөшүү.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар Корея Республикасынын абанын сапатын башкаруу системасы, атмосферага бөлүнүп чыккан булгоочу заттардын көлөмүн эсептөө жана көзөмөлдөө ыкмалары, абанын сапатын моделдөө, ошондой эле майда бөлүкчөлөрдөн келип чыккан булганууну азайтуу жолдору менен таанышты.

Мындан тышкары, абанын сапатын жакшыртуу боюнча комплекстүү пландарды иштеп чыгуу, экологиялык саясатты өркүндөтүү жана Кореянын алдыңкы тажрыйбасын Кыргызстандын шарттарына ылайык колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.