Сүрөт ачык булактардан алынды
21 октябрь
Көрүнүктүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты
Кыргызстандын улуттук маданияты жана опера искусствосу орду толгус жоготууга учурады. 2026-жылдын 20-октябрында көрүнүктүү инсан, опера ырчысы, СССРдин эл артисти, профессор Кайыргүл Сартбаева 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Кайыргүл Сартбаева кыргыз опера искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошуп, өзүнүн кайталангыс үнү, бийик чеберчилиги жана көп жылдык чыгармачылык эмгеги менен улуттук маданияттын тарыхында өчпөс из калтырды. Анын чыгармачылык мурасы жана искусствого болгон берилгендиги элдин эсинде түбөлүк сакталат.
Коштошуу зыйнаты 2026-жылдын 22-октябрында саат 10:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
