Кыргызстан менен Пакистан Соода үйүн ачуу маселесин талкуулашты
КР СӨП
21 октябрь

Кыргызстан менен Пакистан Соода үйүн ачуу маселесин талкуулашты

КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев 19-октябрда Пакистандын ардактуу консулу К. Ю. Мехер жана ишкерлер делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу КР СӨПтөн кабарлашты.

Негизги тема Кыргызстандын Пакистандагы Соода үйүнүн ачылышы болду. Авазбек Керимбаев бул демилгени колдоп, ата мекендик ишкерлер менен бирге Соода үйүнө баруу ниетин билдирди.

Пакистандык тарап зайтун майы, текстиль, косметика, курулуш материалдары жана цемент тармактарында кызматташууну сунуштады. Коноктор кыргыз балына жогору баа беришти.

Ошондой эле кол өнөрчүлүк буюмдарын Пакистан рыногуна чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар Лахордогу бизнес-форумга катышуу, ишкерлер үчүн виза маселелери, туризм жана банктар аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Пакистандык делегация EXPO 2026 көргөзмөсү жаңы өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк бергенин белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

КР СӨПү ишкерлердин эл аралык рынокторго чыгуусуна көмөктөшүүнү улантат.