Сүрөт ачык булактардан алынды
21 октябрь
Президенттик шайлоодо кыргызстандыктар катталган жерине карабастан добуш бере алышат
Кыргызстандыктар президенттик шайлоодо катталган жерине карабастан добуш бере алышат. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, шайлоочу өзүнө ыңгайлуу шайлоо участогуна барып, паспорт, ID-карта же «Түндүк» тиркемеси аркылуу өздүгүн тастыктай алат.
Шайлоого катышуунун мындай тартиби өлкөнүн башка аймагында жүргөн жарандарга да тиешелүү.
Ал эми чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар үчүн да добуш берүү жол-жобосун мүмкүн болушунча жеңилдетүү пландалууда. Бирок алар консулдук каттоого байланыштуу талаптарды эске алышы керек.
БШК төрагасы белгилегендей, негизги максат — жарандын кайсы жерде жүргөнүнө карабастан, шайлоого катышуусуна шарт түзүү.
