Куттуу билим: Кыргызстандын дүйнөгө айта турган сөзү
21 октябрь

Куттуу билим: Кыргызстандын дүйнөгө айта турган сөзү

Жусуп Баласагындын мурасы – улуттук сыймык гана эмес, адамзаттын бүгүнкү талабы

Кээде тарых айрым мамлекеттерге кайра-кайра зор мүмкүнчүлүк берет. Бирок, ал мүмкүнчүлүк дайыма эле саясий окуя, экономикалык секирик же технологиялык ачылыш түрүндө келе бербейт. Кээде ал кылымдардын тереңинен жаңырып, адамзат унутуп бараткан акылмандыкты кайра эске салган улуу мурас аркылуу келет тура. Аны тааный билген эл өзүнүн тарыхый ордун жаңылап, дүйнөгө жаңы сөз айта алат. Ал эми анын баркын түшүнбөгөн эл колундагы баа жеткис дөөлөттү тарыхтын барактарында калтырып, башкалардын даяр түшүнүктөрүнө көз каранды бойдон калышы мүмкүн... Бүгүн Кыргызстан дал ушундай тарыхый тандоонун алдында турат. Биздин колубузда дүйнөлүк интеллектуалдык мейкиндикке алып чыгууга татыктуу мурастардын бири – XI кылымда жашап өткөн улуу ойчул Жусуп Баласагындын "Кутадгу билиг" же "Куттуу билим" чыгармасы бар. Маселе анын улуулугун кайра-кайра айтып, өзүбүзгө өзүбүз суктанууда эмес. Маселе – ушул мурастын адамзатка бүгүн эмне айта аларын ачып көрсөтүүдө, анын дүйнөлүк илимге, философияга, мамлекеттик башкаруу маданиятына жана адамдык баалуулуктар тууралуу ой жүгүртүүгө кошо турган салымын жаңы деңгээлге көтөрүүдө. "Куттуу билим" – биздин өткөнүбүздүн гана сыймыгы эмес. Ал келечегибиздин да мүмкүнчүлүгү.

Биз жашап жаткан доор илимий-технологиялык жетишкендиктердин болуп көрбөгөндөй ылдамдыгы менен айырмаланат. Жасалма интеллект өнүгүүдө, маалымат агымы чексиз көбөйүүдө, мамлекеттердин экономикалык жана саясий мүмкүнчүлүктөрү өзгөрүүдө. Адамзат мурда кыялданууга да батынбаган нерселерди ишке ашырууга жөндөмдүү болуп калды. Бирок, технологиянын өсүшү менен адамдын акылмандыгы бирдей ылдамдыкта өнүгүп жатабы? Маалыматтын көбөйүшү менен терең билимдин, билимдин көбөйүшү менен адеп-ахлактын, бийликтин мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши менен анын жоопкерчилигинин ортосундагы тең салмак сакталуудабы? Коомдордун байышы адамдын руханий дүйнөсүнүн байышына алып келүүдөбү? Бул суроолор бүгүн бир гана философторду эмес, саясатчыларды, окумуштууларды, мугалимдерди, ишкерлерди жана жалпы адамзатты ойлондуруп жатат. Демек, дүйнөгө дагы бир жаңы технология же дагы бир саясий ураан гана эмес, адамдын өзүн, коомду жана бийликти түшүнүүгө жардам берген терең интеллектуалдык тажрыйба да керек. Мына ушул жерден Жусуп Баласагындын "Куттуу билими" жаңыча мааниге ээ болот. Мындан дээрлик миң жыл мурда жазылган бул чыгарма адамдын бактысы, акылмандыгы, адилеттик, бийлик, коомдук жоопкерчилик жана руханий каниет жөнүндө ой жүгүрткөн. Анын дүйнөсүндө билим жөн гана маалымат топтоо эмес; акылмандык жөн гана көптү билүү эмес; бийлик жөн гана башкаруу укугу эмес. Бул түшүнүктөр адамдын ички сапаты, коом алдындагы милдети жана адилет жашоонун маңызы менен тыгыз байланышта каралат. Мындай маселелер бүгүн да өз актуалдуулугун жоготкон жок. Тескерисинче, адамзаттын технологиялык мүмкүнчүлүктөрү өскөн сайын алардын мааниси тереңдеп баратат. Убакыт өзгөрөт. Коом өзгөрөт. Технология өзгөрөт. Ал эми адамдын акылмандыкка, адилеттикке жана маңыздуу жашоого болгон муктаждыгы жоголбойт.

Баласагындык Жусуп адабияттын гана эмес, дүйнөлүк ой тарыхынын өкүлү. Жусуп Баласагындын мурасын биз көбүнчө байыркы түрк адабиятынын, тил тарыхынын же орто кылымдагы маданияттын алкагында карап келебиз. Бул багыттар маанилүү. Бирок, анын чыгармасын ошол чектерде гана калтыруу жетишсиз. "Куттуу билим" – көркөм формада жазылган философиялык жана дидактикалык чыгарма. Анын мазмуну социалдык-саясий философияга, этикага, мамлекеттик башкаруу маданиятына, билим берүү идеяларына жана адам жөнүндөгү түшүнүктөрдүн тарыхына түздөн-түз тиешелүү. Ошондуктан Баласагынды дүйнөлүк ой тарыхынын контекстинде изилдөөгө тийишпиз. Платон адилет мамлекет жөнүндө ой жүгүрткөн. Конфуций башкаруучунун адеп-ахлагын жана коомдук жоопкерчилигин баса белгилеген. Аль-Фараби кайрымдуу шаар, акылмандык жана адамдын бактысы жөнүндө философиялык көз караштарын иштеп чыккан. Ал эми Жусуп Баласагын түрк тилинде жараткан чыгармасы аркылуу адилет бийлик, бакыт, акыл жана каниет маселелерин көркөм-философиялык системага бириктирген. Бул ойчулдардын тарыхый шарттары, түшүнүктөрү жана дүйнө таанымдары бири-биринен айырмаланат. Алардын баарын бирдей деп жарыялоо илимий жактан туура эмес. Бирок, алардын адам, коом, бийлик жана бакыт тууралуу суроолорун салыштырып изилдөө дүйнөлүк философиянын картасында Баласагындын өз ордун тереңирээк ачууга мүмкүнчүлүк берет. Биздин милдет – Жусуп Баласагынды башка ойчулдарга окшоштуруу эмес. Биздин милдет – анын өз алдынча интеллектуалдык үнүн дүйнөгө угузуу. Эмне үчүн байыркы Грециянын, Кытайдын, Индиянын же араб-мусулман дүйнөсүнүн ойчулдары жөнүндө дүйнөлүк университеттерде кеңири сөз болуп, алардын идеялары заманбап көйгөйлөр менен байланыштырылып изилденет? Ал эми түрк дүйнөсүнүн интеллектуалдык мурасы тууралуу сөз болгондо, биз эмнеге көп учурда анын тарыхый баалуулугун белгилөө менен чектелебиз? Бул суроону башкаларды күнөөлөө үчүн эмес, өзүбүздүн илимий амбициябызды жана жоопкерчилигибизди аныктоо үчүн беришибиз керек. Дүйнөлүк илимий мейкиндикке кирүү үчүн улуу мураска ээ болуу жетишсиз. Аны терең изилдөө, ишенимдүү тексттер менен камсыз кылуу, сапаттуу которуу, жаңы илимий суроолорду коюу жана эл аралык академиялык чөйрөдө үзгүлтүксүз талкууга чыгаруу зарыл.

"Куттуу билим" – мамлекет кандай болушу керек деген суроого жооп издеген мурас. Чыгарманын дүйнөлүк маанисин ачууда анын мамлекеттик башкаруу жана саясий философия жаатындагы мазмунуна өзгөчө көңүл буруу зарыл. Анткени, мамлекеттин күчү экономикасы, армиясы, технологиясы же эл аралык таасири менен гана өлчөнбөйт. Анын күчү бийлик канчалык адилет экендигинен, мамлекеттик кызмат канчалык жоопкерчилик менен аткарыларынан, коомдо билим менен абийирдин орду кандай экендигинен да көрүнөт. Жусуп Баласагындын чыгармасындагы Күнтууду, Айтолду, Акдилмиш жана Өткүрмүш сыяктуу каармандар адилеттик, бакыт-дөөлөт, акыл-билим жана каниет сыяктуу түшүнүктөрдү көркөм-философиялык деңгээлде чагылдырат. Бул образдарды бүгүнкү күндүн суроолору менен байланыштырып көрөлү... Адилеттикке таянбаган бийлик коомдук ишенимди кантип сактайт? Билимдүү, бирок жоопкерчиликсиз жетекчи коомго кандай пайда алып келет? Экономикалык өсүш адамдын бактысына качан кызмат кылат? Адам өз мүмкүнчүлүгүн пайдаланууда чекти, абийирди жана коом алдындагы милдетин кантип сезиши керек? Бул суроолордун бардыгына Баласагындын чыгармасы азыркы мамлекеттик системалардын даяр үлгүсүн сунуштабайт. Аларды терең изилдөөгө, салыштырууга жана талкуулоого негиз бере турган философиялык материалды камтыйт. Эгер биз "Куттуу билимди" мамлекеттик башкаруунун этикасы, адилет институттар, жетекчинин жоопкерчилиги жана коомдук ишеним маселелери менен байланыштырган эл аралык изилдөө программасын түзсөк, анын мааниси адабий мурасты даңазалоодон кыйла кеңеймек. Кыргызстан дүйнөгө мындай суроо узата алмак: миң жыл мурдагы ойчулдун адилеттик жана акылмандык тууралуу идеялары бүгүнкү мамлекетке эмнени үйрөтө алат? Бул суроонун өзү эле дүйнөлүк академиялык талкууга татыктуу.

Биз көп учурда Кыргызстандын дүйнөгө таанылышы, улуттук маданиятыбыздын эл аралык деңгээлде жайылышы жана өлкөбүздүн интеллектуалдык беделинин өсүшү, имидж жөнүндө сөз кылабыз. Бул максаттарга жетүү үчүн туризмди өнүктүрүү, жаратылышыбызды таанытуу, инвестиция тартуу жана маданий иш-чараларды өткөрүү маанилүү. Мамлекеттин эл аралык беделин бекемдөөнүн дагы бир жолу бар. Ал – дүйнөлүк интеллектуалдык мураска өз салымын кошкон өлкө катары таанылуу. Кыргызстан Жусуп Баласагындын мурасын жаңы деңгээлде изилдөө аркылуу дал ушундай мүмкүнчүлүктү пайдалана алат. Бул жерде "Куттуу билим" сөзсүз түрдө дүйнөдөгү эң таасирдүү чыгарма деп жарыяланышы керек деген сөз жок. Мындай бааны убакыт, илимий изилдөө жана эл аралык талкуу аныктайт. Биздин максат – чыгарманы татыктуу изилдөөгө, дүйнөгө түшүнүктүү тилде сунуштоого жана анын идеяларын адамзаттын жалпы интеллектуалдык мурасы менен диалогго киргизүүгө шарт түзүү. Бул үчүн Кыргызстанда кеңири масштабдагы эл аралык илимий демилге көтөрүүгө негиз бар. Бишкекте Жусуп Баласагындын мурасына арналган дүйнөлүк форум өткөрүп, ага философторду, тарыхчыларды, филологдорду, саясат таануучуларды, түркологдорду жана мамлекеттик башкаруу боюнча адистерди чогултсак болот. Форумдун максаты жөн гана баяндамаларды угуу, салтанаттуу сөздөрдү сүйлөө жана жыйынтыктоочу резолюция кабыл алуу менен чектелбеши керек. Ал узак мөөнөттүү эл аралык илимий кызматташтыктын башталышы болушу зарыл. Форумдун алкагында "Куттуу билимдин" ишенимдүү илимий басылышын даярдоо, англис тилиндеги түшүндүрмө котормосун өнүктүрүү, кол жазмаларды жана котормолорду салыштырып изилдөө, эл аралык илимий жыйнак чыгаруу жана университеттер аралык туруктуу кызматташтыкты түзүү милдеттери коюлушу керек. Ошондой эле чыгарманын негизги түшүнүктөрүн дүйнөлүк окурманга жеткире турган санариптик платформа түзүүгө болот. Анда тексттер, илимий түшүндүрмөлөр, тарыхый материалдар жана изилдөөлөр жеткиликтүү жайгаштырылса, Баласагындын мурасы бир жолку иш-чаранын чегинен чыгып, дүйнөлүк изилдөөчүлөрдүн туруктуу эмгек объектисине айланат. Мындай ишти мамлекеттик мекемелердин, университеттердин, илимий академиялардын, маданий фонддордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен программасы катары кароо зарыл. Кыргызстан үчүн мүмкүнчүлүк бар. Эми ошол мүмкүнчүлүктү ишке ашыра турган илимий эрк, мамлекеттик көрөгөчтүк жана узак мөөнөттүү аракет керек.

"Куттуу билим" менен "Манас": түрк дүйнөсүнүн эки интеллектуалдык дүйнөсү. Бул демилгенин дагы бир маанилүү багыты – Жусуп Баласагындын мурасын "Манас" эпосу менен салыштырып изилдөө. "Манас" – элдин тарыхый эс тутумун, коомдук биримдикти, эркиндикти, жоопкерчиликти жана муундар ортосундагы руханий уланмалуулукту көркөм чагылдырган улуу эпикалык дүйнө. "Куттуу билим" болсо адамдын, коомдун жана бийликтин маселелерин жазма философиялык-дидактикалык формада талкуулаган чыгарма. Алардын жанры, түзүлүшү жана тарыхый өнүгүү шарттары ар башка. Ошол эле учурда эки мураста тең коомдук жашоо, адамдык сапат, жетекчиликтин жоопкерчилиги жана жамааттын келечеги жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берген материал бар. Эгер биз бул эки мурасты биргелешип изилдесек, түрк дүйнөсүндөгү оозеки эпикалык салт менен жазма саясий-этикалык ой жүгүртүүнүн өз ара байланышын тереңирээк түшүнө алабыз. Бул изилдөөнү "Манас" менен "Куттуу билимдин" айырмачылыктарын жоюу үчүн эмес, алардын ар биринин өзгөчө дүйнөсүн ачып көрсөтүү үчүн жүргүзүү керек. Мындай илимий программа Кыргызстандын дүйнөлүк гуманитардык илимдерге кошо турган өзгөчө салымына айланышы мүмкүн. Биздин милдет мурасты сактоо менен гана чектелбестен, аны адамзаттын жалпы билимине айландыруу.

Дүйнөгө бир чыгарма эмес, бүтүндөй илимий мектеп сунуштайлы. Планетардык резонанс бир конференция менен жаралбайт. Ал узак мөөнөттүү илимий иштин, сапаттуу котормонун, жаңы ачылыштардын, эл аралык кызматташтыктын жана үзгүлтүксүз коомдук талкуунун натыйжасында пайда болот. Ошондуктан "Куттуу билим" боюнча демилге үч негизги багытты камтышы керек. Биринчиси – илимий негиз. Чыгарманын түпнуска текстин, кол жазмаларын, котормолорун жана түшүнүктөрдүн тарыхын терең изилдөө. Дүйнөлүк окумуштуулар ишене турган илимий басылыштарды даярдоо. Экинчиси – эл аралык интеллектуалдык диалог. Баласагындын идеяларын Платондун, Конфуцийдин, Аль-Фарабинин жана башка ойчулдардын мурастары менен салыштырып, алардын окшоштуктарын гана эмес, айырмачылыктарын да ачып көрсөтүү. Адилеттик, акылмандык, бакыт жана мамлекеттик жоопкерчилик боюнча дүйнөлүк талкууларга катышуу. Үчүнчүсү – жаңы муунга өткөрүп берүү. Университеттер үчүн окуу материалдарын түзүү, жаш изилдөөчүлөрдүн эл аралык сынактарын уюштуруу, санариптик ресурстарды өнүктүрүү жана чыгарманын негизги идеяларын азыркы окурманга жеткирүү. Мындай программа бир жылдык кампания эмес, бир нече жылга эсептелген туруктуу мамлекеттик жана илимий демилге болушу керек. Натыйжада Кыргызстанда Жусуп Баласагындын мурасын дүйнөлүк илимий деңгээлде изилдеген күчтүү мектеп калыптанып, өлкөбүз эл аралык интеллектуалдык кызматташтыктын маанилүү катышуучуларынын бирине айланууга умтула алат. Бул – маданий саясаттын да, илимдин да, билим берүүнүн да жана өлкөнүн узак мөөнөттүү эл аралык беделин бекемдөөнүн да маселеси. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы! Биз кээде улуттук мурастын баасын анын канча жыл мурда жаралганына, канча китеп болуп басылганына же канча жолу эскерилгенине карап өлчөйбүз. Бирок чыныгы мурастын улуулугу анын бүгүнкү адамга эмне бере аларында, келечек муунга кандай суроолорду калтыра аларында жана дүйнөлүк ой жүгүртүүгө кандай жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарында. Жусуп Баласагындын "Куттуу билими" – тарыхый доордун эстелиги гана эмес, бүгүнкү адамзат дагы талкуулап жаткан маселелерди изилдөөгө мүмкүнчүлүк берген интеллектуалдык мурас. Анын дүйнөлүк маанисин ачуу үчүн бизге өз ара макулдашылган илимий программа, сапаттуу котормолор, күчтүү изилдөөчүлөр, эл аралык өнөктөштүк жана мамлекеттик деңгээлдеги туруктуу колдоо керек. Кыргызстан бул ишти башкалар жасап берет деп күтпөшү керек. Биз өзүбүз демилге көтөрүп, дүйнөнүн окумуштууларын чакырып, мурасты изилдөөнүн сапатына жооп берип, эл аралык илимий чөйрө менен тең укуктуу диалог түзүшүбүз зарыл. Бул жерде сөз улуттук сыймыкты күчөтүү жөнүндө гана эмес. Сөз улуттук мурасты адамзаттын жалпы интеллектуалдык байлыгына кошуу жөнүндө болуп жатат. Эгер биз "Куттуу билимди" дүйнөлүк деңгээлде изилдеп, которуп, талкууга чыгара алсак, анда Кыргызстан дүйнөгө өзүнүн кооз жаратылышын, бай тарыхын жана маданий салтын гана эмес, адамзаттын келечеги жөнүндө ойлонууга татыктуу философиялык мурасын да сунуштай алат. Бүгүн бизге дал ушундай демилге керек. Улуу мурастын бар болушу – тарыхтын белеги. Аны дүйнөгө таанытуу – бүгүнкү муундун жоопкерчилиги. Ал эми аны келечектин тирүү билимине айландыруу – мамлекеттин стратегиялык милдети. Жусуп Баласагындын "Куттуу билимин" дүйнөлүк интеллектуалдык диалогдун борборуна жакындатуу – Кыргызстандын чоң мүмкүнчүлүгү. Адамзаттын адилеттикке, акылмандыкка жана жоопкерчиликтүү өнүгүүгө болгон муктаждыгы бул мүмкүнчүлүккө жаңы маани берет. Ошондуктан бул ишти дагы бир юбилейге, дагы бир салтанатка же дагы бир резолюцияга калтырбайлы. Илимий коомчулукка, университеттерге, маданият мекемелерине, мамлекеттик жетекчилерге жана мекендин келечегине кайдыгер карабаган ар бир жаранга кайрылгым келет: Жусуп Баласагындын мурасын дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу боюнча биргелешкен улуттук демилгени баштайлы! Биздин максат өткөндүн даңкын гана айтуу эмес. Биздин максат – ошол даңкты келечектин билимине, илимине жана дүйнөлүк диалогуна айландыруу. Кыргызстан, бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы. Дүйнөгө айта турган сөзүбүз бар. Эми аны илимдин тили менен, терең ой менен жана чоң жоопкерчилик менен айта турган мезгил келди.

Урматым менен, манасчы Азиз Биймырза уулу